Бүгүн, 21-август күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында өткөн Алыш күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Азия кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.
Мелдеште 90 килограммдан жогорку салмактар арасында күч сынашкан Аксы районунун балбаны Кадыр Келсинбек уулу жеңип, оюндун баш байгесине коюлган автоунаага ээ болду. Ал эми 70 килограмм салмактар арасынан Ирлан Казыбек уулу, 80 килограмм салмактар арасында Ороз Садыралы уулу, 90 килограммдар арасынан Элдияр Сарксенбай уулу биринчи орунду ээледи.
Мындан сырткары командалык эсептеги алдыңкы орунга Кыргызстан менен Казакстандын балбандары татыды.
Биринчи орунду ээлеген жеңүүчүлөргө 40 миң, экинчи орунга 30 миң, ошондой эле үчүнчү орунга 20 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Баш байгеге коюлган автоунаага Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев демөөрчүлүк кылган. Оюнча жалпы 160ка жакын спортчу катышты.