Журат Абдуллаевди ушунча байытып, кутуртуп, куралданткан кыргыздар өзүбүз, айрыкча байлар. Анткени азыр өзүн бир аз эле "элита" сезгендер "Фаиза", "Гавайи" кафелерине барып тамактануу мода болуп калган. Кечээ эле маркум ага-досум Бейшенбек Бекешевдин "Айыл азыгы" дүкөнүнө кечки саат 20 чамасында жумуртка алпаратып, Ташкент көчөсүндөгү "Фаизанын" тушунан араң өттүм. Себеби тамактануу үчүн келген "крутой" кыргыздардын "крутой" машиналарынан жол тийбейт. Ал эми мен күндө реклама кылып атып сапаттуу жумуртка, тоокту араң сатам. Себеби кыргыздын байлары кыргыз ишкер-фермердин өз эмгеги менен өстүргөн продукциясын арзан сатып алууну "уят", "унижение" катары эсептешип, жогорудагылардын кафесине бир тамактанганы үчүн эле 2-3 миң сомду коротконду "сыймык-гордость" көрүшөт. Бир мисал, азыркы ысыкта жумуртканын өтүшү кыйын болуп, күндө жемге араң чыга турган жумуртка сатабыз, кээде чыкпай да калат. Ошондуктан өткөндө үйүмө жакын базарга келинчегимди чыгарып, 10 лоток, 300 даана жумуртканы алдына коюп койсом, 2 саат өтпөй эле дагы 10 лоток алып келиңиз деди (30 жылда мындай болгон эмес). Тез алпарсам, аны да 2 саатка жетпей сатып жибериптир. Көрсө, келинчегим 80ге кирип калган бир кавказ улутундагы кемпирдин жанына туруп калган экен, ары-бери өткөн кыкемдер ошол кемпирдин жумурткасы деп талап алып атышыптыр. Ошондон кийин келинчегим ошол кавказ улутундагы кемпир менен "подрушка" болуп, анын жанында туруп сатчу болду. Ар апта сайын базарга чыгардан бир күн мурда ал кемпирге "эртең базарга чыгасызбы",- дечү да болду. Көрдүңүздөрбү, кыргыздардын психологиясын...
Баса, мен Жураттай бай эмес, бала-чакамдан ашкан акча топтосом эле кыргыздын кыздары менен балдарын окутуп, спорт менен машыктырмакмын. Себеби газы, бензини, башка табигый кен байлыгы жок Кыргызстандын келечеги, мекенди коргой турган ушул билимдүү балдар менен спорт менен машыккан жигиттерибиз гана...
Эмил Момунов, журналист