Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда катталган кырсыкта каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну иштеп чыгууну тапшырды

“Президент Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”,- деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.