Ушул  жылдын 25-26-августунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Форумга КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 200дөн ашык адам катышаары белгилүү болду. 

ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жаш активисттеринин, мамлекеттик кызматчыларынын жана жаш дипломаттарынын башын бириктирген форум Биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан муундун социалдык жана профессионалдык жактан ар тараптуу жетилүүсүнө багытталган.