«Манас» үчилтиги кыргыз элинин улуу оозеки чыгармасы, дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос. Анын биринчи жолу экрандаштырылып, киного айландырылышы жамы кыргыз эли кубанып, кубаттоочу  олуттуу ийгилик. Тасманы Медеткан Шеримкулов, Кайыргүл Сартпаева, Роза Айтматова өңдүү бир катар кыргыздын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү коомдук, маданий ишмерлери, эл аралык абройлуу “Түрксой” маданий, Шанхай кызматташтыгынын “Жибек жолу” уюмдарынын жетекчилери жана адистери көрүшүп, жогору бааларды беришип, кызуу колдоп атышканы коомчулукка белгилүү. Ошого карабастан айрым күчтөр терс көз карашта, ал түгүл, “эпосту бурмалап, кыргызды дүйнөгө уят кылат, тасманы токтотуп, анын авторлорун жоопкерчиликке тартуу керек!” деген кескин билдирүүлөрдү жасашууда.

Фильмдин жаратуучулары “Манасты” оозеки айтуучу эски өнөр ээлери менен аны тасмага айлантуучу жаңыча трансформациялоочу өнөр кызматкерлеринин ортосундагы пикир келишпестик жана “Манасчыларга” бийликтеги жана маданий тармактагы айрым “Манастын” душмандарынын - Абыке, Көбөш, Коңурбай, Кыястардын, кыргыздын эбактан келаткан калмакташкан кастарынын тукумдарынын жана азыркы башкы бийлик колдоого алгандыгы үчүн оппозициянын дуулдатмасы катары баалашып, чоң уу-дуу жаралды.

Тасма азырынча жарыкка чыга элек, 25-августтан Бишкек шаарынын кинотеатрларында коюлганы турат. Ага болбой эле  тоскоолдук жасашып, ар кандай терс пикирлерди жаадыруу, тасманы токтотуу жана жамандоо максатында айрым оппозициялык партиялардын жетекчилери киного каршы кол топтоо баштаганын жар салуусу кино өнөрүнүн жоболоруна туура келбестигин баса белгилейбиз.  Резонанстуу фильмдин кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө, улуттук кино тармагыбызды эл аралык аренага алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө  ишенип, биз республиканын бир катар коомдук уюмдары өлкөнүн эмгек сиңирген коомдук жана маданият ишмерлери менен бирдикте “Манастын улуу Семетей” тасмасын коргоого кыргыздын чыныгы патриот күчтөрүн биригүүгө чакырабыз!

Эл аралык “Манас-Ата” коомунун президенти Аскар БАКЕЕВ.

Кыргызстан аксакалдар коомунун төрагасы Дөөлөтбек ШАДЫБЕКОВ.

Элдик көзөмөл коомдук уюмунун төрагасы, “Мекенчил эл” партиясынын координатору Орозбек АЛЫМЖАНОВ.

“Мекен” коомдук фондунун түзүүчүлөрүнүн атынан отставкадагы атайын кызмат полковниги Жеңиш КАЧЫКЕЕВ.

Москва жана Москва областындагы "Кыргыз биримдиги" диаспорасынын вице-президенти Болот ТАШБОЛОТОВ.

Стамбулдагы кыргыздар диаспорасынын жетекчиси Нурлан АБДИКАИМОВ.

“Табигатка шайкештик” социалдык турак-жай куруучулар жана жылуулук керектөөчүлөр элдик кеңешинин төрагасы Анарбек ЭСТЕБЕСОВ.