"Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармактагы баракчасы аркылуу жакында Бишкектеги райондордун биринде 9 жашар бала ушул убакка чейин мектепке бара электигин жарыялаган. Турдубекованын айтымында, баланы энеси бир тууган агасына таштап кеткен, таекеси баланы жакшы көрөт, бирок окутууга мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. 

Эми Назгүл Турдубекова аталган балага байланыштуу дагы бир жаңылыкты бөлүштү. Ал белгилегендей, борбор калаадагы "Приоритет" жеке менчик мектеби баланы бекер окута турган болду. 

"Бүгүн ушул убакка чейин мектеп босогосун аттабаган 9 жаштагы баланы "Приоритет" мектеби бекер окутууга чакырды. Бала мектепти толук аралап, көрүп, абдан кубанды. Ал абдан акылдуу. Мындай жакшы шартта сөзсүз шаардын мыкты окуучусуна айланат", - деген жетекчи мектеп жамаатына жана баланы мектепке даярдоого акчалай жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирди.