Кечээ, 19-августта УКМК тараткан маалыматта, "Үмүт и Ко" компаниясынын жарым кожоюну Журат Абдуллаевдин үйүнөн жана иштеген жеринен  “БРДМ-2” атайын техникасы (БТР-чалгындоочу жана патрулдук унаа), бир даана 7,62 калибриндеги Калашников автоматы,  көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы), жүгүртүүгө тыюу салынган ар кандай калибрдеги мылтык жана травматикалык куралдар табылганы айтылды. 

Көпчүлүк бизнесмендер ишмердүүлүгү акча менен байланыштуу болгондуктан жеке коопсуздугу үчүн курал алып жүрөөрү маалым. Бирок ал үчүн бир тапанча жетиштүү. А бул жерде куралдын толук кандуу комлекти табылды. Жуурат Абдылдаевдин согушка даярдангандай курал-жарак камдашы коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратты. Алардын көбү “БРДМ-2” атайын техникасын өлкөгө кантип алып киргенине кызыгышууда. 

Журналист Нургазы Анаркулов бул кайсы бир каргашалуу окуяга камдануу болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбоо керектигин белгилейт. 

"Абдуллаев кимге согуш ачууга даярданып жаткан? Чекисттердин бүгүнкү олжосу оозубузду ачырды. Көрсө, туура талап коюлса, биздин чекисттер дагы иштегенди билишет тура. Мынабул " Үмүт и ко" компаниясынын жарым кожоюну Жуурат Абдуллаевдин арсеналын карасаң, чоң согушка даярданып атканына толук ынанасын. Ал бир күнү өтө чоң трагедиянын себепкери болуп чыкмак.

2010-жылдагы Ош окуясы кайдыгерликтен, убагында чара көрбөгөндүктөн чыккан. Кадыржан Батыровду тайраландатып, төбөсүнө чыгарып алышкан. Аны менен кучакташып, кеңешип, ар кандай убада беришип, саясий союз түзүшкөн. Жыйынтыгында ондогон адамдардын каны төгүлдү, анын кесепети миңдеген адамдарга тийди.

Бул Журатка дагы өз убагында чара көрүлбөсө, ошол трагедия кайталанып кетеринен шек жок эле. Ошондуктан, чекисттерге ыраазычылык айтабыз, азаматсыңар!" - деди журналист.