17 жаштагы Зухайр Абдуллажанов өз алдынча документ тапшырып, АКШ, Улуу Британия, Польша, Түркиядагы ж.б. ЖОЖдордун стипендиясын утуп алган. Ал ааламдагы топ-20 университет тизмесиндеги University of Hong Kong окуу жайын тандап, 100 000$ өлчөмдөгү мамлекеттик гранттын ээси болду.  9-классынан баштап Зухайрга күчтүү университетке өтүү кыялы тынчтык бербеген. Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан мекендешибиз өжөрлүк жана эмгекчилдик менен баардыгын багындырса болоору жөнүндө айтып берет. Зухайр сизге кантип мотивациялык дил баянды кызыктуу жазуу, кайсы сайттардан абитуриенттер пайдалуу маалымат алуу жана жалкоолук менен  оруубоо тууралуу айтып берет.

L. Балалыгыңыз жөнүндө кеп курсаңыз?

2005-жылы Жалал-Абадда туулгам, 1-класста "Сапат" мектебине кирдим. Бир топтон кийин үй-бүлөбүз менен Түркияга кеттик. Ал жактан кайткан соң,   Номер 1-мектепте окуумду уланттым. Кийинчерээк 7-класста Курманбек Баатыр лицейине тапшырдым. Атамдын жумушу себептүү бат-бат көчүп, улам-улам мектеп алмаштырып, орус класстан кыргызчага көчүү, жаңы шарттарга көнүү кыйын болчу. Класстагы эң мыкты окуучу болбосом да, ар дайым ошондой болууну каалачумун.

L. Окуучу кезиңизде эмнелер менен алектенчүсүз?

Футболду сүйөм. Түркияда Галатасарай клубунун академиясында машыкчумун. Каратэ менен да машыккам. Мындан сырткары досторума жакпаса да бала кезимде көп музей кыдырдым. Азыр футбол ойнойм. Кичинекей убагымдан энциклопедия окуган аябай жагат. Агам мага менин Оксфорддо окушум керектиги жөнүндө айткандары себептүү, максат коюп, аракеттене баштадым.

L. Университетке тапшыруу жөнүндө айтсаңыз.  

Менин кыялым эң мыкты университетке өтүү эле. 9-класста окуп жүргөндө Limon.kg сайтынан MIT университетине өткөн Кайнар Камалов жөнүндө макаланы окудум. Катуу шыктанып, Америкадагы Чырмоок Лигасынын (Лига Плюща) жогорку окуу жайларына тапшыруу кыялым күч алды. 11-класс кезимде Logos компаниясы Келечек Лидерлери долбооруна мыктыларды тандап жаткан. Алар окуу жайга өтүүгө толук көмөкчү болушат эле. Долбоорго 75% арзандатуу алып, кабыл алынганыма карабай, TOEFL экзаменине даярдануу үчүн долбоорго катышкан жокмун. ЖОЖго тапшыруу процесси өтө оор же тескерисинче жеңил - деп ойлогондор бар. Менин оюмча жеке адамдан көз каранды.

L. Документ тапшыруу процесси кандай өткөн?

Алгачкы кадам Common App порталына катталып, университерди тандоо. Мен тандаган университеттер - өтүү машакат, болгону 6-10% пайыз мүмкүнчүлүк бар окуу жайлар болчу. Буга да карабай Гарвард, Колумбия, Йель университеттерин тандадым. SAT экзаменин жакшы тапшырсам да, "Кокус өтпөй калсамчы?" - деп башка орто деңгээлдеги ЖОЖдорду дагы тандадым. Документтерди эки турда тапшырса болот. Биринчи: Early Action - жыл башында колуңда кагаздар толук болсо тапшыра бересиң. Мен-мен деген университеттерге керектүү кагаздарды тапшырып, январь айында жооп күтүп жаттым. Төрт окуу жайдан "өтпөй калдыңыз" деген жооп келди, Йель, Колумбия болсо күтүп туруумду айтты. Өтпөй калганым үчүн көңүлүм чөктү.

Андан соң көп кыргыз жарандары тапшырчу University of Hong Kongдон жообун күттүм. Computer Science факультетине тапшырып, көптөн күткөн грант колума тийди.

L.Common App порталы жөнүндө кененирээк уксак?

Бул платформа аркылуу планетанын каалаган аймагынан тапшырса болот. Ичинде 10 000 ашуун университет бар. 40% АКШ, Канада, 10-20% Азия, калганы Европа окуу жайлары. Платформанын жакшы бир өзгөчөлүгү бул- кандидаттын материалдык абалы эске алынуусу. Каалаган ЖОЖго бекер тапшырса болот. Мектептин аккаунту менен порталга катталып, мектептин атынан эле, аты-жөнүңүздү жазып, чейрек, жылдык бааларды жөнөтө бересиз. Мектептин атынан аккаунт ачылып, ар бир окуучуга мүмкүнчүлүк түзүлүшү үчүн бир ай чуркадым. Көптөргө жакшы жардам болду, себеби финансылык көйгөйлөрү бар окуучулар да бар болчу.

Common app'та бир анкета толтурулуп, ага баалардын транскрипти, дил баян, сунуш каты ж.б. зарыл документтери менен ар кайсы окуу жайларга жөнөтүлөт. Так, туура аткарылса университеттер документтерди кабыл алуусунан кам санабай эле койсо болот. Мен үч сунуш каттарды, экөөсүн мугалимдерден, бирөөсүн футбол машыктыруучусунан алып жөнөттүм. Университтер кабыл алып, дагы башка эсселерди жөнөтүүмдү суранышты. Жыйынтыгында ар бир  ЖОЖдун талабына ылайык 15тен көп эссе жөнөттүм.

L. The University of Hong Kong'дон "Сиз окууга өттүңүз" жообу келгенде кандай сезимдерге бөлөндүңүз?

Алар мени кабыл алат деп оюма тургай, түшүмө да кирген эмес. Бул университет дүйнөдө топ-20 кирет эмеспи! ЖОЖдун өкүлдөрү менен интервью болуп жатканда бүт Кыргызстанда жарык өчүп калып, Wi-Fi жок, Zoom конференция токтоп, какаганга муштаган болуп жаман болбодубу? Бактыма жараша университет өкүлдөрү сонун адамдар экен, мага дагы бир мүмкүнчүлүк беришти. The University of Hong Kong АКШ, Европа ЖОЖдорунан айырмасы - грант көп берилет. Билим сапаты тууралуу айтпай эле коёлу. Интервьюдан бир канча убакыт өтүп, электрондук почтамды карасам кат келиптир. Титиреген манжаларым менен бассам, менин окууга өткөнүмдү билдирген "Accepted" жазуусу турат. Төбөм көккө жете сүйүнүп, дароо ата-энеме чалдым. Эртеси класста мугалимдерге сүйүнчүлөп белгиледик.

L. Кантип 100% грант колуңузга тийди!?

Мен 1-2 студентке бериле турган мамлекеттик грантка тапшыргам. Эсседе мен күчтүү жерден татыктуу билим алып гана өз мекенимди өнүктүрө ала турганымды жаздым. Апрелде окууга өтүп, эки жумадан кийин 100 пайыз грантты сүйүнчүлөштү. Ал грант окуунун баасын, жатакананы камсыздап, Гонконг жашоого кымбат шаар себептүү 3000$ доллар стипендия дагы берилет эле. ЖРТ дагы маанилүү роль ойноду. Жылдан жылга барган сайын көп чет элдик  окуу жайлар жалпы экзамендердин бааларын карашууда. Гонконг университетине өтүү үчүн ЖРТдан жок дегенде 210 балл алуу зарыл.

L. Мотивациялык эсседе эмнелер эң маанилүү?

Алгач кайсы жакка тапшырып жатканыңыз, эмне үчүн ошол окуу жайды жактырганыңыз жазылат. Университет сиздин ал же бул мамлекетти кайсы жакшы жактары үчүн тандаганыңызга кызыгат. Орундуу аргументтер жазылышы керек. Менин Гонконгду тандоо себебим: бул жакта мүмкүнчүлүктөрдөн баш адашат жана IT тармагында стажировкалар көп.

Экинчиден университеттин жакшы жактары: факультеттер, мугалимдер ж.б. Мен ошол ЖОЖдогу бир профессордон сабак алууга өтө кызыгамын деп жаздым. Бир гана ушул окуу жайдын билими аркылуу ийгиликке жетишем дедим. Волонтёр болгонумду, тесттердеги жакшы бааларды да унуткан жокмун. Гонконг университетинде окууга "тишим өтөөрүн", университет менин экинчи үйүм болот ишендирдим.

Акыркысы, мага эмне үчүн финансылык жардам керектигин, билим алууга эң чоң тоскоолдук акча болуп жатканын айттым. Университет сиздин татыктуу студент экениңизге толук ишениши керек.

L. Гонконгго тапшырууга мүмкүнчүлүк берген гранттар жөнүндө сөз кылсак?

Бекер окуса боло турган эки грант бар: Road and Belt  жана He for She. Мурун бул сыяктуу гранттарды окуу жайлар өздөрүнүн фонддору аркылуу берет - деп ойлоптурмун. Көрсө БУУ жакыр өлкөлөрдөгү таланттуу балдар окуусу үчүн ушундай стипендияларды бөлөт экен.

L. Сиз бул гранттарды кантип таптыңыз жана Гонконг университетин тандоого себеп?

АКШда президенттик грант жана орточо университеттерди караштыргам. Бирок, улуу агам Бактынур Ажибаев мага Гонконгду сунуш кылды, өзү дагы ал жакта окуган эле. Limon.kg'ден Гонконгдо окуган Даяна Мазарипова жөнүндө окуп калдым. 2-3 күн бою тынбай, "Кантип ушул жакка окуйм" - деп интернеттен маалымат издедим жана жогорудагы гранттар жөнүндө билдим. 2 жыл Гонконгдо, 3 жыл Кембриджде окуса болот экен, ушул нерсе мени кызыктырды.

L. Маалымат булактарын айтып койсоңуз.

Universities.com, Top Colleges, College Rankings, Usnews.com. Бул сайттар эң жакшы.

Мен алгач окуу жайдын талаптарын карап чыгып, YouTube'дан көрүп чыгам. Көпчүлүк студенттер акча коротуп,  агентстволор аркылуу издешет. Бир аз көңүл коюп, Гуглдан тапса деле болот.

L.Башка кайсы окуу жайлар сизди кабыл алышты?

90% арзандатуу менен Jacobs University, толук арзандатуу менен Польша, Кипр жана Германия, Улуу Британия, АКШ, Түркия, Казакстан мамлекеттеринен 15 университет кабыл алды. Тобокел кылып көбүнөн баш тартып, акыры эңсеген Гонконг университетине өттүм.

L. Кыйын учурлар болдубу?

Декабрда көп ЖОЖдор баш тартып, өзүмдү колунан эч нерсе келбеген, жолу болбогон адам сездим. Беш бир тууганбыз, мага кеткен чыгымдар себептүү кичүү ини-карындашым жакшы жерде окуй албай калабы- деп аябай кыжаалат болдум. Бирок аягы жакшы болду.

L. Computer Science эмнеси менен кызыктырды?

7-класска чейин биологияны казып окуп, олимпиадан олимпиадага катышып,  дарыгер болсом дечүмүн. Бирок, бул тармакта окуу кымбатка турат деп, 9-класстан кийин оюмду өзгөрттүм. Компьютер мени тартып турчу. Марк Цукерберг жөнүндөгү "Социалдык тармак" киносун көрүп, болуп көрбөгөндөй таасир алдым. Кибер коопсуздук же жасалма интеллект деген тандоо болуп, экинчиси көңүлүмө туура келди.

L. Документ тапшыруудагы кыйынчылыктарды эскерип кетсеңиз.

Бир, эки университетке бир аз гана балл жетишпей калды. Көпчүлүк документтерди өз убагында жөнөтүп үлгүрө алышпайт. Тиешелүү мекемелерге барып, нотариалдык күбөлөндүрүү алуу үчүн чуркоо ж.б. түйшүктөр толтура.

L. Окуудан сырткары активдүүлүккө эмнелерди көрсөттүңүз?

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунда онлайн волонтёрлук менен шугулдангам. Кызыл жарым ай фондунда экология тармагында, UNICEF'те карантин убакта ыктыярчылык кылдым. Андан башка, жакында досторум менен стартап уюштурабыз. Анда "Алтын сертификат" ээлери, IELTS, TOEFL'дан жогорку упайга жетишкендер ж.б.у.с. өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкаларды окутмакчы.

L. Волонтёрлук канчалык деңгээлде маанилүү?

Бизде бул нерсе өзгөчөлүк катары бааланат. Европада болсо волонтёрлук сөзсүз жасалышы керек болгон, таң калбай эле турган нерсе. Себеби, айланадагы адамдарга, шаарыңа жардам берүү милдет. Окууга тапшыраарда волонтёрлук тууралуу үстүртөдөн эмес, ийне-жибине чейин, кызыктуу кылып айтса туура болот. Муну менен сиз кандайдыр бир маселеде көңүл бөлүп, баарын толук чечкенге аракет кыласыз дегенди түшүндүрөт. Бирок жылдан жылга волонтёрлук өзгөчөлүгү жок нерсе катары кабыл алынууда.

L. А эмне менен өзгөчөлөнсө болот?

Азыр негизги басым тажрыйбага жана эссеге жүргүзүлөт.  Окуудан сырткары спорт, музыка сыяктуу нерселер менен алектенүү, олимпиада, дебаттарга катышуу жакшы бааланат. Студент таланттуу, жөндөмү бар экенин далилдеши керек. Университет сизден пайда көрө алышына  ынанышы зарыл. Өзүңүз жөнүндө уникалдуу окуялар болсо сонун. Башка бирөөнү көчүрсө болбойт.

Чоң атам IT аркылуу Кыргызстанда масштабдуу өзгөрүүлөр болооруна ишенбейт эле. А чоң энем мени эмне гана болбосун ар дайым колдойт. Кичинекейимде Nokia'ны көрүп, мындан 100 эсе сонун телефон жасайм деп кыялданчумун. Азыркы жетишкендиктеримди көрүп чоң атам акырындан ишене баштады. Эссеге бала кезиңиздеги окуяларды көркөмдөп, шурудай тизип, түшүнүктүү жазсаңыз, бул сизди караңгы түндөгү жарыктай башкалардан өзгөчө көрсөтөт.

L. Окуучуларга айтуучу алтындай баалуу кеңешиңиз?

Өзүң каалаган максаттын артынан түш. Топ-20 же эң эле начар жердеги окуубу айырмасы жок, беттегениңизди бербей, талыкпай эмгектенсеңиз эң укмуш жыйынтыкка жетесиз. Эч качан чөкпөңүз, жеңилбеңиз. Баары өтөт. Эгер мыкты университетке өтпөсөңүз, кийинчерээк бакалавриатттан кийин магистратурага мыкты окуу жайга аракет кылыңыз. Колуңдан келбейт дегенге ишенбеңиз.

L. Кайсы убактан баштап даярдануу керек?

9-класста кесип тандап, 10-класста документ чогултуп, тесттерди тапшыруу туура болот. Убакыттан утуу керек.

Аягында мени колдогон ата-энеме ыраазычылык билдирип кетет элем!


LIMON. KG