КР УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч каражаттарды мыйзамсыз сактаган жана колдонгон адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын тең ээси, 1970-жылы туулган кыргызстандык А.Ж.Т.кармалды. Бул тууралуу аталган мекеме маалымат таратты.
Анда белгиленгендей, аталган жарандын иштеген жеринен жана жашаган үйүнөн БТР-чалгындоочу жана патрулдук унаа болуп эсептелинген “БРДМ-2” атайын техникасы, 7,62 калибриндеги 1 даана Калашников автоматы, көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч заттар, жүгүртүүгө тыюу салынган ар кандай калибрдеги мылтык жана травматикалык куралдар табылган.
Белгилей кетсек, А.Ж.Т. күнүмдүк жашоосунда дайыма аскердик форманы (камуфляжды) колдонот жана ар кандай агрессияга туш болуу тобокелчилиги жогору болгондуктан, аталган куралдарды мыйзасыз сактоого барган.
Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кармалган А.Ж.Т. иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМКга өткөрүлдү.


