7-августта Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында кызы 2005-жылы туулган О.А. менен тааныш болгон адамдар анын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун билдирип, арыз жазган. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында КР Кылмсыш-жаза кодексинин 154-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. 

Тергөө амалдарынын жыйынтыгында бул кылмышка 1996-жылы туулган Т.М. дагы катыштыгы бар экендиги такталып, КР ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.