Кыргызстан кылмыштуулуктун орточо индекси боюнча дүйнөнүн алдыңкы 50 өлкөсүнө кирет. Бул тууралуу Numbeo порталы жарыялады.
Анда айтылгандай, бул боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, Кыргызстан кылмыштуулук индекси 55,88 болгон жана 36-орунга чыккан. Жалпысынан 142 өлкө изилденген. Ал эми Казакстан 42-орунда турат.
Венесуэла, Жаңы Гвинея жана Афганистан өлкөлөрүндө кылмыштуулук эң жогорку чекте, ал эми Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Тайванда эң төмөнкү деңгээлде.
Кылмыштуулуктун деңгээли кылмыштуулуктун индексине баа берүүнүн негизинде эсептелет.