Адвокат Замир Жоошев ырчы Анжелика Кайратованын Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн ДЦП менен ооруган балдардын ден соолугун чыңдоочу жайга айландыруу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуусу, андан кийин эмгек жана социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаевдин кабылдамасында болгону тууралуу пикирин билдирди.
"Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн айланасындагы суроодо Анжелика матадордун колундагы чүпүрөктөй.
Анын президентке кайрылуусу алдын ала сүйлөшүлгөнү анык. Кимдин заказы экенин так билбейм. Болбосо министр Базарбаев эки күндөн кийин эле ал аялды кабыл алып, реабилитациялык борбордун даяр долбоорун көрсөтмөк эмес.
Ал тажатма элемент. Тажатма элемент “буканын” да, “байкоочулардын” да көңүлүн бурат. Жана бул табигый нерсе", - деп жазды Замир Жоошев.