Бардык адам саламаттыгы чың болуп, энергиясы ашып-ташып жүрүүнү кааласа керек. Бирок кээде эмнеден экени белгисиз болгон шалдыроо, өзүн жакшы эмес сезүү – көп иштерди бүтүргөнгө жете турган убакытты уурдап коет. Ошондуктан, ден соолук үчүн пайдалуу болгон айрым эрежелерди дайыма карманып туруу менен ар кандай дарттардын алдын алган болосуз.
1. Ар дайым өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.
2. Жумасына 4 жумурткадан ашык жебеңиз.
3. Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби, ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.
4. Эч качан тамактан кийин жемиштерди жебеңиз. Аларды тамакка чейин жеш керек.
5. Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.
6. Соя сүтүн аздап гана колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпостон ичиңиз.
7. Помидорду ачкарын жебеңиз.
8. Өттө таш пайда болбосун десеңиз, эртең менен тамактанар алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.
9. Уктаарга 3 саат калганда тамактаныңыз.
10. Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби, алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.
11. Жылуу көк чайды бал менен ичсеңиз мээге пайдасы көп.
12. Тиштериңизди таза кармаңыз.
13. Сабизди уктаар алдында жесеңиз ден соолукка пайда.
14. Сууну узак кайнатуу же кайнатылган сууну кайрадан дагы кайнатып чай демдөө - өтө зыян.
15. Бийалма (айва) ширеси боор оорусун дарылайт. Күнүнө 1-2 стакан бийалма ширесин ичүү сунушталат.
16. Ар кандай ооруну дарылоо - ашказанды айрандын сарысы менен жуугандан башталат.
17. Бутуңузду ар дайым таза, кургак жана жылуу кармаңыз.
18. Көк чай бөйрөктү жууйт, андагы сезгенүүнү айыктырат.
19. Адатта, кечки саат ондон таңкы алтыга чейин укташ керек.
20. Жатар алдында жеңил дене тарбия көнүгүүлөрдү жасаңыз.
21. Уктаар алдында төмөнкүлөрдү жегенге болот: алма, бир кашык бал, бир стакан кефир же бал кошулган бир стакан жылуу сүт.
22. Уйкусу качкан адам бал жаласын.
23. Тез-тез айрандын сарысын ичип туруу кандын булганышынан (уремия) оорусунан сактайт.
24. Таранчы жана бөдөнөнүн шорпосу адамды ар тараптан бакубат кылат.
25. Адамдын боору төрт нерсени жакшы көрөт: чийки капуста, быштак, катуу нан жана бал.
26. Жайкысын муздак сууга көп жуунуп турсаңыз, жүрөгүңүздүн жана бооруңуздун иштеши жакшырат.
27. Сүткө жасалган күрүч ботко адамды жашартат, эркектин уруктугун көбөйтөт.
28. Мончодон кийин тишиңизди тазаласаңыз, ал бат агарат.
29. Ит мурунду кайнатып, чайдын ордуна ичүү өтө пайдалуу.
30. Дайыма отуруп иштеген адамга ар бир саатта ордунан туруп басуу зарыл.
31. Алма адамдын организмин керектүү заттардын бардыгы менен камсыз кылат. Ал үчүн күнүнө эки алма жесе жетиштүү болот.
32. Ашказаныңыз ооруп жатканда, эртең менен жана уктаар алдында бир кашык дакталган зайтун майын ичүү сунушталат.
33. Кези келгенде өтө буркурабай, азыраак ыйлап туруу ден соолукка пайдалуу.
34. Жашылчаларды көп пайдалануу өмүрдү узартат.
35. Көк чайды дайыма ичкен жана сары сабиз жеген адам рак оорусуна чалдыкпайт.
Интернеттен алынды