Walla израилдик басылма адам организмине кандай витаминдер керектигин жана аларды кайсы азыктардан алууга болоорун жазып чыкты. Азыркы убакта заманбап адамдар ден соолугун чыңдоо үчүн туура тамактанып, спорт менен машыгып гана тим болбостон, ар кандай биологиялык активдүү кошулмаларды ичишет. Бирок алар кээ бир убакта пайдасынан зыяны көп болуп калышы мүмкүн. Анда кандай кылуу керек?
Организмдин маанилүү функциясына таасир берүүчү органикалык бирикмелерди витамин деп аташат. Алар зат алмашуу процесстерин жөнгө салышат, гормондорду синтездөөгө жана башка микроэлементтердин сиңишине жардам беришет. Маселе – организмде витаминдер синтезделбейт же жетиштүү санда болбойт, ошондуктан аларды сырттан берүүгө туура келет. Бирок витаминдердин суткалык керектөөсүн жаба турган меню түзө турган болсок, азык-түлүктүн өтө узун тизмеси пайда болот. Алардын баарын бир күндүк рационго батыруу мүмкүн эмес. Мындай учурда биологиялык активдүү кошулмалар жардамга келет. Бирок дарыканага чуркаганга шашылбаңыз. Ар бир адамдын организми өзгөчө болот, эгер бир витамин бир адамга пайда алып келсе, а экинчи адамга зыянын тийгизиши ыктымал. Ошондуктан, витамин ичүүнү чечсеңиз, биринчи кезекте дарыгер менен кеңешип, зарыл анализдерди тапшыруу кажет.
А витамини
Универсалдуу витамин, ал көздүн саламаттыгына жана курчтугуна керек. Ошондой эле жүрөк, теринин сулуу болушуна жана бекем иммунитетке жооп берет. Тамак-аштардан аны жумурткадан, сүттөн, майдан, мал боорунан тапса болот. Андан сырткары ток сары жана кызыл түстөгү жашылча-жемиштерден – сабиз, ашкабак, таттуу картөшкө жана жашыл жашылчалардан – шпинат, броколлиден алууга мүмкүн. Бул азыктарды биздин организм А витаминине активдүү айландыра алат.
B6 витамини
Бул витамин адамдын кыймыл аракетинде өтө чоң роль ойнойт. Уйку, табит жана маанай ага байланыштуу. Андан тышкары кызыл кан элементтерин пайда кылуу процессине катышат, иммунитетке да таасирин берет.
В6 витамининин оор жетишсиздиги сейрек кездешкенине карабай, көпчүлүк адамдар анын суткалык дозасын азыктардан ала алышпайт. Бул витаминди эттен, дан эгиндеринен, жашылчалардан жана жаңгактардан, какталып бышырылган картөшкөдөн, банандан жана нокоттон тапса болот.
B12 витамини
Нерв системасынын саламаттыгын сак кылуу үчүн В12 витамини керектелет. Бул организмдеги энергияны иштеп чыгууга да зарыл. Бирок анын бардык пайдасын алуу үчүн организмге сиңирүүгө жардам берүү керек. Адамдын жаш курагы өйдөлөгөн сайын белокторду бөлүп, андан В12 витаминин ала турган ашказан кислотасы аз бөлүнө баштайт. Ошондой эле, бир катар дары-дармектер жана дарттар бул витаминдин сиңишин ылдыйлатат. В12 балык, эт, жумуртка, сүт азыктары, сое сүтүндө кездешет.
Эт жегенден баш тарткан адамдар 50 жаштан кийин бул витаминдин жетишсиздигине дуушар болушат. Ошондуктан, алар витаминдин организмдеги деңгээлин көзөмөлдөө үчүн маал маалы менен дарыгерге кайрылып, анализдерди тапшырып турушу керек.
B9 витамини
Фолиевая кислота – бул В9 витамининин бир нече формасынын жыйындысы. Бул затты кабыл алуу төрөт курагындагы аялдар үчүн маанилүү, анткени, ал организмде жетишсиз болсо, кош бойлуулуктун биринчи жумаларында түйүлдүккө кесепетин тийгизет.
Бирок фолиевая кислотаны жетиштүү өлчөмдө азыктардан алуу маселе жаратат. Айрыкча, жемиштерди, жашылчаларды жана буурчак өсүмдүктөрдү көп жебеген адамдарга. Мындай учурда аларга биологиялык активдүү кошулмалар сунушталат.
D витамини
Бул витамин организмге кальцийди натыйжалуу сиңирүүгө жардам берет. Анткени, ал сөөк жана тиштин саламаттыгы үчүн маанилүү. Андан тышкары, изилдөөлөр D витамининин жетишсиздиги рактын айрым түрлөрүнүн жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын себеби болуп калышы мүмкүндүгүн көрсөткөн.
Анын айырмасы – жетиштүү өлчөмдө алуу үчүн рационго кайсы бир азыкты кошуунун кереги жок, күн тийип турганда сейилдөө жетиштүү.
Айрымдар жайкы учурда D витаминин кабыл алуу кереги жок, анткени, күн катуу тийип турат деп деп ойлошот. Бирок бул жаңылыштык. Анткени, жайкы учурда күн тийип турган маалда адамдар сыртка көп чыкпаганга аракеттенишет. Мындан улам, акыркы жылдары УФ – нурлануунун зыяны тууралуу маалыматтар коомчулукка тарагандан кийин D витаминин жетишсиздигине дуушар болгон адамдар көбөйдү. Ошондуктан, дарыгерлер бул витаминди биологиялык активдүү кошулма иретинде сунуштап калышты.
А эгер азык-түлүккө кайрыла турган болсок, анда D витамини майлуу балыктарда, козу карында жана жумурткада болот.