Ырчы Анжелика Кайратова соцтармактагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн ДЦП менен ооруган балдарга берүүсүн суранды.
"Урматтуу Садыр Жапаров, урматтуу кыргыз эли!
Биздин арабызда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөн балдарыбыз бар. Өзгөчө балдарды карап, аны чоңойтуп жаткан ата-энелердин түйшүгү да түмөн. ДЦП төрөгөн үчүн жашоосун аманат кылып турмуш курган жолдошу да таштап кетип, балдарын жалгыз караган энелер да жок эмес. Көпчүлүгү жумуш менен алектенгенге шарты жок, керек болсо үйү жоктор бар. Ушундай абалда жашаган энелер чогулуп, сизге жана кыргыз элине кайрылып жатабыз. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке алынган. Жайгашкан аймагы, климаттык шарты ДЦП балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, реабилитациялоого ыңгайлуу экенин эске алып, ушул категориядагы жарандарга берүүңүздү суранабыз!" - деп жазды ырчы.
Эске салсак, мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттин балансына алууга ниеттенген. Садыр Жапаров ал жерге карылар үчүн уюм ачылаарын билдирген. Ал эми Атамбаевдин жакындары ал үйгө эс алууга муктаж болгон балдардын билим берүү - ден соолукту чыңдоо спорттук комплексин ачаарын жарыялашкан.