"Алтын Казына" ресторанынын эки кызматкери 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Алардын бири 20 жаштагы Улан Эсентур уулу кармалганын Чүй ОИИБи билдирген. 

Ошол кармалган жигиттин атасы "Кактус" сайты аркылуу коомчулукка кайрылды. Анда ата уулунун аталган тойканада 3 жылдай иштегенин, ушул убакка чейин ичимдик ичкен же тамеки тарткан жаман жоруктарын көрсөтпөгөнүн билдирген. 

Келинчеги эртең, бүрсүгүнү көз жарат. Уулумдун кылмышы далилдене электе күнөөлөп, каралап, кылмышкер деп айткандардын сөзү бизге оор тийип жатат. Ошондуктан экспертизалардын жыйынтыгы чыгып, тергөө аяктаганга чейин кылмышкер дебей турсаңыздар деп коомчулукка кайрылат элем", - деген жаран.