Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба бар деген кабар Бишкек ШИИБине бүгүн, 11-августта саат 13:36да түшкөн.  Белгисиз адамдын телефон аркылуу билдирүүсүнөн улам милициянын ыкчам тобу, УКМК кызматкерлери аталган соода жайына барышып, курчоого алышкан. Ичиндегилер коопсуз жайга чыгарылган. 

Маалыматтарга караганда, милицияга автоунаа жуучу жайдын администратору телефон чалган. Автоунаа жууган адам жардыруучу затты көрүп калган. Учурда автоунаанын кызматкери жана администратору милицияда көрсөтмө беришүүдө.