КР УКМК №61 Автордук физика-математикалык мектебинин директорунун кармалышы боюнча билдирүү таратты. Анда, атайын кызмат тергөө коргоо укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзүлөөрүн белгилеген.
"Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн.
Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган.
Бирок ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Ю.Низовскийдин жаш курагы жана ден соолугунун абалы эске алынып, баш коргоо чарасын «үй камагына» өзгөртүү чечими кабыл алынган.
Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз.
Ошону менен бирге, УКМК мыйзамдардын талаптарына ылайык, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына жана тергөө камак жайына кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү тоскоолсуз кирип чыгуусун камсыздап жатканын белгилеп кетебиз", - деп билдирет УКМК.