Баткендин 20 туругу кичи ажылып сапарга барууга ниеттенип, бирок алдамчынын торуна илинип калышкан. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Кадамжай РИИБине акыркы бир ай ичинде 16 адам арыз менен кайрылып, умра сапарына жөнөтөм деп акчасын алып, сапарга жөнөтпөй жаткан аялга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Алардын айтымында, ар бири аялга 75 миң сомдон беришкен.
Бул арыздар 209-берене ("Алдамчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде 9-августта шектүү катары эч жерде иштебеген 39 жаштагы А.Б. Ош шаарында кармалды.
Кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.