Убактылуу өкмөттүн мурдагы беш мүчөсүнө 2020-жылдагы Ош окуясы боюнча айып тагылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары айып тагылгандардын бири Бектур Асановдун билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Анда айтылгандай, тергөө иштери соңуна чыгып, иштин материалдары Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Алдын ала угуу 15-августка белгиленген.
Бектур Асановдон башка айыпталуучулар: Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бактыбек Алымбеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев.
Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары, Исаков коргоо министринин милдетин аткаруучу, Бакытбек Алымбеков ички иштер министринин милдетин аткаруучу болгон. Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКны жетектесе, Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турган.
Ош окуясына 12 жылдын жүзү болгону менен ушул убакка чейин айыптуулар жазаланбай келген. Окуянын келип чыгышына жана тереңдеп кетишине ар кандай версиялар айтылып келет. Алардын бири - Убактылуу өкмөттүн кайдыгерлиги. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун окуяга өз убагында баа берип, чечкиндүү кадамдарды жасай албаганы. Кандуу окуянын башкы күнөөкөрү болгон Кадыржан Батыровго ошол убактагы бийликтин жумшак мамилеси. Бектур Асановдун кан төгүлгөн Жалал-Абад облусунун башчысы болуп туруп, Кадыржан Батыровдун таламын талашкан аракети коомчулуктун эсинен ушул азыр да чыга элек. Анын айынан башкы күнөөкөр Кыргызстандан чыгып кетүүгө жетишкен. Мыйзам ал адамга иштебей калды. Жакында Кадыржан Батыров дагы бир сырды ачты: чет өлкөлүк маалымат каражатына берген маегинде Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө Исмаил Исаков коридор түзүп бергенин айтты. Муну менен Убактылуу өкмөт убагында күнөөсүз жерден шейит кеткен нечендеген жарандарды эмес, алардын башын окко тостурган адамды коргоого алууга шашылганын көрсөттү.
Буга чейин Ош окуясы боюнча ачылган кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткени айтылган. Бирок жүздөгөн адамдын өмүрүн алган кылмыш ишинде мөөнөт болбошу керек. Бул жашоонун мыйзамынан алып караганда.
