Россиянын Москва облусунда Патриот паркындагы Эл аралык армия оюндар музейинде “АрМИ-2022” оюндарынын алкагында өтүүчү “Танк биатлону” боюнча мелдешке катышуучу командалар жана танк экипаждары чүчү кулак кармады.

Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жашыл түстүү гильзаны алып, Россия, Кытай жана Беларустун командалары менен бир тайпага түштү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирди. 

Анда айтылгандай, ата мекендик команда жарышка 14-августта чыгат.

Эске салсак, "АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат.