17 жаштагы кызды "Алтын Казына" тойканасынын кызматкерлери зордуктаганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу аталган тойкананын жетекчилиги билдирүү таратты. 

"Окуя кызматкерлердин жумуш убактысынан тышкары учурда болгон. Кызматкерлер уруксатсыз жеке адамдар тарабынан ижарага алынган жайга кирип кетишкен. Шектүүлөр кармалды жана алар мыйзамга ылайык жаза алышат. Биз бул кырдаалды кабыл алып, тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Ошондой эле, биз дагы сиздер сыяктуу эле адилеттүүлүк тарабында экенибизди билдиребиз", - дейт тойкана жетекчилиги.

Эске салсак, 17 жаштагы кызды зордуктоого аталган ресторандын эки кызматкери шектелүүдө. Алардын бири кармалганы айтылды.