Кубанган балдар,  бактылуу балалык.  Бул Жалал-Абад облусундагы  Барпы айылында жаңы  ачылган “Жони” сейил багы.  Буга чейин айылда мындай эс алуучу жер жок болгон. Жалпы аянты 1,5 гектарды ээлеген парктын долбоору 2019-жылы даярдалып, курулуп баштаган.  Эс алуу жайы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Жаныбек Ташиевдин уулдарынын акчасына курулуп, пайдаланууга берилген.

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев таштандыга толгон бош жерди тазалап,  элдин керегине жараган сейил багын ачууну максат кылган Жаныбек Ташиевдин балдарынын иш-аракетин туура деп эсептейт.

"Маркумду эскерүүдө мына ушундай элдин керегине жараган социалдык обьекттин курулуусу кубантаарлык иш, президенттин жарлыгына ылайык, аш-тойлордо ашыкча ысырапкерчиликти азайтуу, негизсиз чыгашаларга жол бербөөнү колго алгандары башкаларга да үлгү болуусу керек", - дейт муфтий.