"Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркынын жолу оңдолуп бүттү. Бул жолду оңдоо иштери 2021-жылдын жаз айында "Сейил" эс алуу жайынын башталган. Дээрлик бир жарым жылда шаар сыртындагы жол мурдагы кебетесинен кутулуп, жаркырап чыга келди. 

Жолду оңдоонун демилгечиси жана каржылык жактан колдоого алган - мамлекет. "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркына караштуу жол парктын жеке бюджетинен каржыланган. Бирок таң калыштуу жагдайда бүткөн иштин "автору" катары Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Түмөнбаевдин аты айтылууда. Соцтармактардын айрым колдонуучулары "Ала-Арча" улуттук  жаратылыш паркынын жаңы салынган жолунун сүрөтүн чыгарышып, бул үчүн Президенттин иш башкармалынынын учурдагы башчысына ыраазычылык айтып башташты. 

Ушул жерден тактап кетчү нерсе - "Ала - Арча" улуттук жаратылыш паркын бүгүнкү күндө Алкан Солтонов жетектейт. Ал буга чейин Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп турган маалда айыл аймагына караштуу жолдордун баарын оңдоодон өткөргөн. Буга чейинки жасаган ишин карап эле, парктын жолдорунун оңдолушуна Солтоновдун эмгеги бардыгын билүүгө болот. 

Аталган жол 2021-жылдын жазында башталганын белгиледик. Ал эми Каныбек Түмөнбаев 2022-жылдын 30-майында  Иш башкармалыктын башчылыгына дайындалды. Ага чейин "БКС" курулуш компаниясынын түптөөчүлөрүнүн бири катары гана дайын болчу. Бул курулуш компаниясынын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп жүргөн Икрамжан Илмияновго тиешеси бардыгы да учурунда айтылган. Ал турмак, кийинчерээк Илмияновго тийиштүү делген ON1 телекомпаниясы Түмөнбаевдин атына катталганы да ачыкталган. 

"Сейил" эс алуу багынан баштап "Ала -Арча" улуттук жаратылыш паркынын жолун оңдоодо тендерден утуп алган компания учурда Каракол шаарынын жолун оңдоону баштады. Кыргызстанда иштин аяк жагына илешип калса деле "мен жасадым" деп кыйкырчулар көп болгондуктан, эске сала кеткибиз келет - Караколдун жолун оңдоо иштери 2021-жылдын жаз айында башталган. Бирок белгилүү себептерден улам убактылуу токтотулуп, "Ала-Арча" оңдолуп бүткөндөн кийин компания кайрадан Караколго жол тартты. Эми бул жолго 2022-жылдын февраль айында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулайманов "ээлик" кылып "мен оңдоттум" деп чыкпаса болду...