АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги өлкөдө маймыл чечеги оорусу жайылуусуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

Саламаттыкты сактоо министри Хавьер Бесеррдин айтымында, алар вируска каршы жоопту кийинки деңгээлге көтөрүүгө даяр. "Биз ар бир америкалыкты маймыл чечек илдетине олуттуу мамиле кылууга чакырабыз" - деди ал.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, өлкө ооругандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бүгүнкү күндө мында инфекцияны жуктуруунун 6,6 миң учуру катталган.