"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, Бишкекте, Алыкулов көчөсү - 6 дарегине 100 тоннадан ашык көлөмдө Кара-Кеченин кесек көмүрү түшүрүлдү жана баасы 4000 сомдон сатылат. Ошондой эле, Бишкектин беш жерине көмүр кампа ачылды. Алар:

Мурманский 6, Кыргыз Темирдин аймагы, Алма-Ата/Объездной, Кара-Жыгач, Ак-Босо конуштарынын ири кампалары. Бул демилге “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ишке ашууда.

"Кыргызкөмүрдүн" жетекчилиги элди көмүрдү азыртан баштап сатып алууга үндөйт.