Фейкбук тармагында биринчи айым Айгүл Жапарованын ысымындагы баракча сыйлыктарды тапшыруу оюнун баштады. Анда ысымын жазган адамга бир нече миңдеген сом берилээри жазылган. Ошондой эле, аталган баракчага катталуу да керек. 

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул баракча фейк экенин билдирди.

"Урматтуу достор, бул баракчанын биринчи айымга эч кандай тиешеси жок. Фейк баракча. Андыктан бул баракчада жайгашкан маалыматтарга ишенбеңиздер", - деп жазды маалымат катчы.