Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер Нияз Сузак районунда жаңы ачылган "Жони парк" тууралуу пикирин билдирди. Эске салсак, аталган парк Камчыбек Ташиев жана Шаирбек Ташиевдин жеке демилгеси менен курулган. 

"Жони парк. Чоң жаңылык болуптур.

Экономикалык жагынан алып караганда эми ошол Барпы айылынын ар бир үйү, участогу эч болбоду дегенде 20 пайызга кымбаттай түшкөндүр. Бул Кыргызстан дагы бир 5-10 миллион долларга байый түштү десек болот.

Сыймыгы болсо башка кеп. Сузактык туугандардын сүйлөгөн сөзү да бир нече пайызга көтөрүлө калган чыгаар.

Дагы бир жакшы жагы айылды көтөрүп жаткандагыбыз, тыңдардын баары шаарга келип кыпчылып алып, айылды эстебегенибизге көп эле болуп калды.

Парк бул толук эле кайрымдуулук иш десек болчудай, паркка кеткен каражат, жерди кошуп келгенде абдан масштабдуу экени көрүнүп турат, балмуздактан тапкан тыйын паркты карап жүргөндөрдүн маяналарын жабаарына шегим бар.

Деги эле баардык ишкерлерди өз айылдарына коомдук жайларды салдырып ошол каражатты салык катары карасак канчалаган Жони парктарды куруп алмакбыз.

Эң негизгизи ошол жерде буйруса миңдеген жеткинчек балдар сейилдейт. Эстетикалык эс тутумдары өзгөрөт, маданияттулуктан сабак алат, аягы келип жакшы жерде чоңоюп өскөн балдарыбыздан мамлекет келечекте зор утушка ээ болот.

Баардык жактан пайдалуу, мамлекетти өстүрүүгө зор өбөлгө боло турган көрүнүш. Аш-той жактан атаандаашпай кудай жалгап, парк курган жактан жарышып кетсек эл үчүн сонун болоор эле.

Зыяны: Эми “Ата, Жони паркка барып келейин, 100 сом бериңиз”, - дегендер көбөйөт. Сузактыктар ага чыдап коет деген ойдомун.

Сын болбой койбойт. Эсимде шаардын четине достор болуп “Ачекей айылы” деген айыл салганбыз. Азыр ани ВИП городок деп коюшат ал кезде андай деле оюбуз жок болчу. Ошол айылга 1 километрдей асфальт жол төшөп жатсак кээ бир кошуналарыбыз “жолду жаап салган кандай акмаксыңар!” деп сөгүп өтүшчү. Азыр болсо “Ачекей айылынын” жанынан жер сатылат деп калышты. Жерлери да эки-үч эсе кымбаттады.

Францияда да ушундай иштерге көп көңүл бурулат экен.

Убакыт өтөт, келечекте далай үй-бүлө курган жубайлар: “Жони парктан таанышканбыз” деп айтаарына толук ишенем. Жони парктар көп болсун!" - деп жазды элчи.