Сот тармагын санариптештирүү алкагында автоматташтырылган маалыматтык система иштелип чыккан. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. 

Маалыматка караганда, мында соттордун кароосуна берилүүчү иштерди стстема автоматтык түрдө аныктайт. Ошондой эле соттук иштер инстанцияларга автоматтык түрдө өткөрүлүп берилет.

Ишти кароо кайсы судьяга берилет, отурумдарды дагы система өзү бөлүштүрөт. Системада кароого алына турган документтер, маалыматтар хронологиялык тартипте киргизилет.

Азыркы кезде аталган системага өлкөдөгү бардык соттор кошулган.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында бул система менен 263 миңден ашуун иш каралган.