Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекованы үй камагына чыгаруу чечимин Каракол шаардык соту кабыл алды.
Эске салсак, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан убактылуу четтетилген.
Ысык-Көл облустук соту тараткан маалыматка караганда, 4-августта Каракол шаардык сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, Мээрим Тилекова 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылды.
Мээрим Тилекова 17-майда кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.