Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Татарстан менен Башкыртстандан келген бизнес делегация менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын абалын жүдөгөн өрдөккө салыштырды.

Ал өзүнүн муунундагы адамдардын балалыгы абдан оор өткөнүн белгиледи. 

"Балалыгыбыз оор болду, ал учур өтө көпкө созулуп кетти. Кыргызстанды жүдөгөн өрдөктөн ак кууга айлантуу кыялыбыз бар", - деди Байсалов.