Ырчы Асель Кадырбекова Инстаграмдагы баракчасына жолдошу Нурлан Насип менен кайрадан чогуу түтүн булатып жатышканын ачыктады.
"Эми жашыруунун кереги жок деп ойлойм. Мен эне катары кызымдын назик ийинине ушундай жоопкерчиликти үйгүм келбейт! Мунун баары кызым үчүн гана деп. Жок! Биз чоң адамдарбыз. Бул биздин чечим. Демек, сүйүү жеңди.
Мындан ары кандай болот бир Жаратканга белгилүү. Биз өз кезегибизде эч кимди аралаштырбай, ынтымагыбызды бекемдейбиз. Үй-бүлөбүздү күчтүү, бекем кылганга күчүбүз жана акылыбыз жетет деп үмүттөнөм.
Биз чоң сыноодон өттүк. Ага карабай үй-бүлөбүздү сактай алдык", - деп жазды ырчы айым.