Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйынга 100дөн ашуун тургун катышты. Аларга жарандар тарабынан укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроолор берилди. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен ички иштер министрине аймактарга барып,  элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.