Ош шаардык соту 29-июлда “Достук - Автожол” өткөрмө пунктундагы коррупция иши боюнча бир катар аткаминерлерди күнөөлүү деп таап, аларды эркинен ажыратты. Соттун өкүмү Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмдө айыпталуучулардын инициалдары келтирилген: Б.К.У., Н.Ч.Э. жана Э.А.А. Ал эми жергиликтүү медиалар сөз УКМК Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чынарбек Насиев жана “Достук - Автодорожный” өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев тууралуу болгонун жазышууда. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аларды 2021-жылдын 20-октябрында кармаган. Атайын кызмат шектүүлөр негизинен Өзбекстандын жарандары менен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан “опузалап акча жыйнашкан” деп маалымдаган.

Соттун өкүмү менен Н.Ч.Э. 10 жылга, Б.К.У. 11 жылга жана Э.А.А. 12 жылга кесилди. Ошондой эле алар Чек ара кызматында иштөө укугунан 3 жылга ажыратылды. Соттук отурумда айыпталуучулар күнөөнү мойнуна алган жок.

Тергөө эмнени аныктады?

Айыпталуучулардын биринин бөлмөсүнө жашыруун камера орнотулган

Тергөөнүн версиясы боюнча, аткаминерлер “Достук - Автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан өткөн жарандардан жана автоунаалардын айдоочуларынан “системалуу түрдө мыйзамсыз акча каражаттарын аталган пункттун аскер кызматкерлери аркылуу чогултууга барган”.

Атайын кызмат аныктагандай, алгач Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин ошол кездеги биринчи орун басары Б.К.У. 2021-жылдын март айында “Достук - Автожолдун” мурдагы башчысы, майор С.И. Бишкекке чакырган. Б.К.У. аны “кызмат ордунан бошотуу же башка жерге которуу” менен коркутуп, ай сайын 1 миң АКШ доллардан берүү талабын койгон. 

Натыйжада С.И. 500 доллар өлчөмүндөгү акчаны Б.К.У. берип, “Достук - Автожол” пунктунун кезек башчыларына анын талабын жеткирген. Кезек башчылар - У.К., Ш.З., Н.О. - ай сайын 40 миң сом гана чогулта алаарын айтып, аталган сумманы белгисиз киши аркылуу Б.К.У. жиберген. Ал эми эки аптадан кийин майор С.И. “1 миң доллардан топтой албагандыктан” жетекчилик тарабынан “Эркечтам - Автожол” пунктуна которулуп, анын ордуна Э.А.А. дайындалган.

Ал эми “Достук - Автожол” өткөрмө пунктунун кезек башчыларынын бири Ш.З. чогултулган акчаларды такси аркылуу Б.К.У. жиберүүнү уланткан. Алгач ал 40 миң сомдон, кийин 50 миң сом жиберген. Ал эми Б.К.У. 2021-жылдын сентябрь айынан тарта 70 миң сомдон берүүнү талап кылганда Ш.З. макул болбой, көп өтпөй жетекчилик аны “Ош - Аэропорт” пунктуна которгон.

Ошол эле учурда Б.К.У. “Достук - Автожолдун” жаңы дайындалган жетекчиси Э.А.А. “крыша болуу үчүн” өткөн жылдын августунан тарта ай сайын 50 миң сомдон алып турган.

Өз кезегинде Э.А.А. колунда иштеген чек арачыларга “Достук - Автожолдон” өткөн өзбекстандыктардан акча опузалап, күнүнө 15 миң сомдон чогултуп берүүнү талап кылган. 

Ал эми 2021-жылдын июнь айында Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Н.Ч.Э. “Достук - Автожол” өткөрмө пунктундагы мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу билип калган. Бирок Н.Ч.Э. чара көрүүнүн ордуна Э.А.А. ай сайын 30 миң сомдон берүүнү талап кылган.

Акча каражаттары жеке жолугушууларда, такси аркылуу же байланыш бар адамдардын атынан банктар аркылуу жиберилген.

Атайын кызмат тинтүү маалында мыйзамсыз чогулган делген акчаларды конфискациялаган

Үч айыпталуучу тең тергөөнүн жүрүшүндө күнөөнү мойнуна алышкан. Анткен менен соттук отурумда алар “шок абалда болуп, кайсы кагаздарга кол койгонун билбегенин айтышып” буга чейинки көрсөтмөлөрүнөн баш тартышты. 

Ал эми күбө катары суралган Чек ара кызматынын бир катар кызматкерлери Э.А.А. мезгил-мезгили менен өз чөнтөгүнөн акча жыйнап жатканын көрсөтүштү. “Достук - Автожолдун” мурдагы кезек башчылары болсо Б.К.У. каршы көрсөтмө беришкен.

Мындан сырткары, УКМКнын кызматкерлери шектүүлөрдүн телефон аркылуу сүлөөшүлөөрүн тыңшап, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү ырасталган.

Ош шаардык соту Б.К.У., Н.Ч.Э. жана Э.А.А. күнөөлүү деп таап, сот залында камакка алды. Алардын жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 20-октябрынан тарта башталат. Мындан сырткары, сот тинтүүмаалында айыпталуучулардан табылган 155 миң сом жана 1750 долларды мамлекеттин пайдасына конфискациялады.

Өзбекстандык блогердин даттануусу

Аткаминерлер кармалганга чейин Исраил аттуу өзбекстандык блогер TikTok аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал “Достук” өткөрмө пунктундагы чек арачылар чек арадан өткөн өзбекстандыктардан 50 миң сум (болжол менен 400 сом) талап кылганын айткан.

Исраилдин айтымында, акча бербеген чет өлкөлүктөр “коронавируска тапшырган тест жасалма” деген жүйө менен артка кайтарылган. 

“Акча берүүгө аргасыз. “Акча бербейм” дегенди кармап тура беришет, ал учактан кеч калат, кыйналат. Ошондуктан сизден сураныч, ошол посттон бир кабар алып, эмне болуп жатканын карап берсеңиз. Паракорчулуктун алдын алсаңыз, башка өлкөлөргө да уят болуп жатат”, - деген ал.

Өз кезегинде Чек ара кызматы бул дооматтарды четке кагып, аскерлер чет өлкөлүктөрдүн документтерин гана текшергенин билдирген. Ошондой эле, мекеме өткөрмө пункттарда ПЧР-жыйынтыктарды Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери гана текшере турганын кошумчалаган.

 

 Би-Би-Си Кыргыз кызматы