КР УКМКнын Чек ара кызматы 30-июлдан 1-августка чейинки убакыт аралыгында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары чек арадан малды мыйзамсыз алып өтүү эки фактысын аныктаганын билдирди. 

Маалыматка караганда, 30-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда чек ара тобу Кыргызстандан Өзбекстанга 13 ири мүйүздүү малды мыйзамсыз айдап өтүп баратканында кармашкан. Аткезчилик менен алектенген жаран Аксы районунун Согот айылынын 1992-жылы туулган тургуну А.у.Н. болуп чыкты. 

Ал эми бүгүн, 1-августта Ала-Бука районунун Актам айылында чек арачылар дагы бир малды мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташкан. 21 ири мүйүздүү малды чек арадан мыйзамсыз айдап өтүүгө аракеттенген жаран Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын 1989-жылы туулган С.К.аттуу жараны болуп чыккан. 

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жалпы малдын наркы 3 миллион 725 миң сомго бааланган. 

Эки факты боюнча тең тийиштүү документтер толтурулуп, компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.