Бишкектен телефондорду уурдап, Казакстандын аймагына өткөрүүнү пландаган топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, учурда аларга карата"Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу", "Уюшкан топ түзүү же ага катышуу" жана "Уурдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери уурдалган телефондорду, планшеттерди жана ноутбуктарды чет өлкөгө сатуу боюнча эл аралык канал уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн изине түшкөн. Телефондорду уурдагандар жеке маалыматтарды, сериялык номерлерди өзгөртүп, уюлдук телефондордун IMEI коддорун кайра жазууга, ошондой эле Mi Cloud, iCloud жана Google аккаунтунун кулпусун ачууга адистешкен.

Кылмышка шектүү 11 адам кармалды. Соттун чечими менен алты шектүү №1 убактылуу кармоочу жайга жиберилип, калгандары үй камагына чыккан. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда 1700дөн ашык уюлдук телефон, жети ноутбук жана беш планшет табылган. Казакстанда дагы экөө кармалып, алардан Бишкектен уурдалган 46 уюлдук телефон алынды. Алматыда уурдалган 278 телефон казакстандык полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.