Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер (ошондой эле бардык каалоочулар) сынак тесттен өтө алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси болуп дайындалуу үчүн босого балл 60тан өтүшү керек.
Конкурска байланыштуу суроолор боюнча 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238 телефон номерлери аркылуу байланышууга болот.
12-июлда мамлекет башчы Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин сынактык негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 966 мектепте сынак жүргөнү турат.