КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштардын бирдиктүү реестрине  катталган кылмыш ишинин алкагында, аталган федерацияга караштуу Кыргызкурорттуризм башкармалыгынын башчысынын орун басары А.М.Д. 2012-жылдан 2021-жылдар аралыгында  Кыргызстан профсоюздарынын Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жаткан учурунда, мекемеден мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алып чыгуу жана жеке баюу боюнча кылмыштуу схеманы уюштургандыгы аныкталган.

Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында аталган А.М.Д. Көрсөтүлгөн убакытта Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Азыркы учурда А.М.Д. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.