КР УКМК мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча иш чараларын улантууда. Анын негизинде, 25-июлда КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору кармалган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, аталган мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө текшерүү органдарына өткөрүп берүү шылтоосу менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынан дагы 3-6 миң сом мыйзамсыз кармап калуу фактысы документтештирилген.

Алынган далилдердин негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору С.Э.К. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын СИЗОнун УКМКсына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.