Коронавирустун жайылышы боюнча Бишкек шаары жашыл зонадан сары зонага өттү. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

"Акыркы суткада эле 128 адам коронавирус инфекциясы менен жабыркап жатканы аныкталды. Илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда чектөөлөр кириши мүмкүн. Чектөө - бет кап тагынуу жана онлайн режимине өтүү. Бирок азыркы учурда кооптонууга негиз жок. Биздин система ар кандай кырдаалга даяр", - деди Касымбеков.