14-июлда “Ихсан” кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева эки айга камакка алынды. Анын камакка алынышына 5 миңден ашуун кишинин нааразычылыгы себеп болду. Башка да кооперативдердин катарында Бекмурзаева жетектеген компания дагы жарандарды үйлүү кылуу ниетинде иш баштап, аягында аларды же акчадан же үйдөн жок, куру калтырышты.

6000дей адамдын үйлүү болобуз деген тилектерин таш каптырган бул исламдык негизге жамынган алдамчылык чынжыры качан башталган? Акинай Бекмурзаева камакка алынганга чейин маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде үй алууга чама-чаркы жетпей жүргөн адамдарды көрүп, аларга кайрымдуулук кылуу ниетинде кооперативди негиздешкенин айткан. Бирок тилектерин таш каап, ортодон каржылык кризиске туш келишээрин алдын ала ойго алышпаган экен. Анын айтымында, улам кийинки жазылган кардар алдыда турган кардарды үйлүү кылмак. Кийинки келгендердин баштапкы төлөмүнүн негизинде тизменин алдында жазылгандар ипотекалык негизде үйлүү болуп, анан алар ай сайын төлөгөн төлөм кийинкилерди турак-жайлуу кылууга жумшалмак. Бир караганда, натыйжалуу система. Бирок жетекчилеринде абийир, нысап, жасаган иштеринин, аларга ишенген адамдардын алдында жоопкерчилик болгондо гана. “Ихсан” тууралуу айтылып жаткан маалыматтарга ишенсек, кооператив адамдардын акчасын ашыкча коротушкан. Биринин шапкасын бирине кийгизип, баарын үйлүү кылуунун ордуна биринчи кезекте кооперативде иштегендер өздөрүнө үй алышып, андан кийин жакындарын камсыздашып, ашып калган акчага белгилүү имамга үй тартуулап, аны компанияны жарнамалоого тартышкан. Элден чогултулган каражат өз максатына ылайык жумшалбагандыктан, ишмердүүлүгүн баштаганына 1,6 жыл болбой жатып, доочулардын саны көбөйгөнүнүн себеби ушунда.

Эмне себептен кооперативге ишенген адамдар көп?

Өлкөдө үйсүздөр көп. Үй алуу үчүн тышкы миграция агымына кошулуп, нечен жылдап чет өлкөлөрдө иштөөгө аргасыз. Бирок жыл өткөн сайын турак-жайлардын баасы кошо өсүп, чет жакка кеткендердин деле баарынын үйдү толук кандуу сатып алууга чама чаркы жетишпейт. Так ушундай алдастап турган адамдарга “Ихсан” көктөн издегенин жерден таап бергендей болду. Мисалы, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын шарты оор. Ал үчүн мамлекеттик кызматта иштешиң керек. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания ипотека берүү шарттарын кеңейтип, мамлекеттик эмес кызматтарда иштегендерге дагы мүмкүнчүлүк берүүнү киргизишти. Анткен менен каалагандын баары анын кардары боло кала албайт. Ипотека алам деген адамдын үй-бүлөлүк абалы, айлык, жылдык кирешеси ж.б. көптөгөн эске ала турчу факторлор бар. А жеке кооператив мындай баш оорутмалардан алыс. “Ихсанга” кардар болгондордун айтымында, үйлүү болууну көздөгөндөрдөн үч гана документ сурашкан. Алар: психикалык саламаттыгы тууралуу жана баңгизаттан алыс экенин аныктаган тастыктама, анан паспорт. Кирешеси, үй-бүлөлүк абалы кооперативди ойлондурбайт. Башкысы, убагында төлөй алса болду. Кийинки этап: кирүү төлөмү жана пайыздык төлөм. Канча сомдук үй алууну пландаштырса, ошого жараша 25 пайызын же 50 пайызын төлөшөт. Андан ары алты ай күтүшөт – бул 25 пайызын төлөгөндөргө тийиштүү. 50 пайызын төлөгөндөргө берилчү мөөнөт эки ай. Келишим боюнча, мөөнөт аяктаарына 1 ай калганда кооператив кардарына “үй изде” деген тапшырма бермек. Кардар өзүнө жаккан үйдү таап, каражат компания тарабынан төлөнгөндөн кийин документтештирип, андан соң ай сайын ипотекалык төлөмүн төлөп, өз үйү, өлөң төшөгүндө бактылуу өмүр кечире бермек. Бирок бул кооперативдин токуган жомогунда болчу. А реалдуу жашоодо баары теңирден тескери болуп чыкты.

“Биз алты айлык мөөнөт менен 25 пайызын төлөгөнбүз. Былтыр ноябрь айында келишим түзгөнбүз. Бирок алты ай өткөндөн кийин деле үй тууралуу кабар болбоду. Сураганыбызда жетекчилиги “инвестор келет, күтүп жатабыз”, - деп кутулушчу. Инвесторлору да ар түрдүү: бир күнү Германия, эртеси Америкадан, дагы бир күнү Дубайдан келе турмак болот. Айкыргандар, өз укугу үчүн катуу тургандар акчасын чыгарып алышты, ал эми убадага ишенип, а балким убадасынан да колуна көтөргөн Куранга ишенип, “Кудайдан корккон адам алдабайт”, - деп ойлоп, тынч күтүп тургандар минтип акчадан да, үйдөн да жок калдык”, - дейт кооперативдин кардарларынын бири.

Ошол эле убакта жогоруда сөз кылган маегинде Акинай Бекмурзаева шарияттын негиздерине таянаарын бир нече жолу өзгөчө басым менен белгилеген.

“Коператив аркылуу үй алууну каалагандар – чоочулабай эле койсо болот. Анткени, компаниябыз ислам негиздери менен иштейт.  Каражат салгандар бир сомуна да жабыркабайт. Кирүү төлөмү жана пайыздык төлөм деген бар. Эгер мүчө болуп киргенден кийин кайры чыгууну каалагандарга мыйзам боюнча, пайыздык төлөм кайтарылат, ал эми кирүү төлөм калышы керек. Бирок компания шарияттын негиздерине таянып, “эгер жаранга үй алып бере албасак, анын акчасын эмнеге алып калышыбыз керек?”- дешип, кардар салган ар бир тыйынга чейин кайра кайтарууну адатка айлантканбыз”, - деген ал.

Кыргыз коому акыркы учурда өзгөчө диндешип баратат. Сакал өстүрүп, жамынгандарды терс жолдон алыс, туура образда жашайт деген түшүнүк калыптана баштады. Айрым алдамчылар коомдун так ушул аялуу чекитинен кармап, алдамчылык иштерин жамынуу, динге берилүү, беш убак намаз окуу аркылуу ишке ашырып жатышкандай.

Компания бир жарым жылда 3500 адамды үй менен камсыз кылганын, мындай көрсөткүч Мамлекеттик ипотекалык компанияда да жоктугун айтып жатат. 3500 адам кимдер? Алардын тең жарымы кооперативдин кызматкерлери, алардын туугандары, жакындары болуп чыкпайбы? Статистика үчүн тизменин алдыңкы катарындагы бир канча карапайым жарандарга үй берүү менен калган каражатты өз кызыкчылыгына жумшап жиберишкен жокпу?

Укук коргоо кызматтарынын маалыматына таянсак, “Ихсан” элге 121 миллион сомдун тегерегинде зыян келтирген. Бул канча адамдын мээнети, үмүтү, көз жашы.

ИИМ министри Уланбек Ниязбеков маалымат жыйынында кооперативдин мүлктөрү, эсептери камакка алынганын жана алдангандардын акчасы ошолордун эсебинен кайтарылаарын билдирди. Жабыркагандар бир тыйынын коротпой кайрадан ала алышабы? Буга азырынча жооп жок. Анткени, “Ихсан” элдин эсебинен өзүн коргоого алчулардын жоон армиясын даярдаган экен, алар Бекмурзаева камакка алынаары менен “боштондук” деп “ырдап” чыгышты. Кезекте турган 6 миң адамдын, демек, алданган 6 миң адамдын кызыкчылыгын алар ойлоп коюшкан жок. “Камакта отурса, акчаны кайдан кайтарып берет? Чыгарып, иштетип, кайтартышсын”, - дегендер да абдан көп. Элдин көз жашынан топтолгон акчаны кайтарып берүүнү каалаган адам камакка чейин эле бир ыгын тапмак. Кайтарып берүүгө дарамети жетпей калгандан соң бир эмес он жолу абактан чыгарса дагы, натыйжа бербейт. Кооперативдин бекер акчадан байлыкка туйтунууга болгон аракети мыйзам чегинде каралып, адилеттүүлүк өкүм сүрөбү же окуя башка өңүттө уланабы, баары укук коргоо кызматынын колунда.

Булак: “Майдан. kg” гезити