- Реформа болбосоң кое кал эле болуптур бул жагы. Министр Алмазбек Бейшеналиев жаңы “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга мектептердин жана бала бакчалардын, кесиптик лицейлердин директорун конкурстук негизде тандалат, конкурс бир нече этаптан өтөт, конкурсту атайын дайындалган комиссия өткөрөт деген сунуш киргизип жатыптыр. Дегеле мектеп директорлоруна нараазы ата-энелер арбын. Өзгөчө Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору өздөрүнчө ханга айланып алышкан. Бери дегенде 5-10 жыл, асты 30 жыл мектепти башкарган директор кантип тамыр жайып, коррупцияга малынбайт? Бүгүнкү күнгө чейин эле мектепке окуучулардын эсебинен кызылдай акчалар түшүп турганы жашыруун эмес. Бейшеналиевден ушундай директорлорду жумуштан кетир деген коомчулуктун талабы болгон. Мисалы, социалдык тармактарда мындай пикирлер айтылып келет. Ал эми министрдин билим берүү мекемелеринин жетекчилерин конкурстук негизде тандайм дегени реформа эмес, эң ыңгайлуу коррупциялык схема болуп калат. Себеби белгилүү. Кыргызстанда бирин-бири тааныбаган адам аз. Директор болом деген акчалуу адам кимди болсо таап, максатына жете алат. Негизи, билим берүү тармагындагы жетекчилер буйрук менен бекилип, жумуштан кемчилик кетирсе буйрук менен кеткени туура болот. Конкурс менен келген директор конкурстун шартына ылайык узак мөөнөткө отуруп калышы мүмкүн. Конкурс менен келген жетекчи өктөм болуп, жогорку бийликти укпай калышы турган иш. Азыр деле, буга чейин деле Бишкектин директорлору министрлик же башка чоңдор менен эсептешпейт. Бул чындык. Ошон үчүн министрлик эси барда этегин жаап, бийлигин колдон чыгарбай, директорлорду буйрук менен бекитсин.

Булак: “Майдан. kg” гезити