- 30 жылдан бери эле динди этектеп, улутубузду, тилибизди , Манасыбызды чанып, балдарыбызга арапташкан ысым ыйгарып, эки сөздүн бири “Машаллах”, “Иншаллах”, өзүбүздү укмуш Кудайдын классташы сезип, балекетпиз. Мектептен мечиттин көптүгүн айт! Анан эле арапча сөздөн кошуп туруп, ашатып кеткенде оозуң ачылат. Ак ит кирип кара ит чыккан тилге Жаратканды аралаштырбай эле койсо дейсиң ичиңден. Сабатсыздыктын жоюлбай, жолдо калганын тим эле коеюн. Этика, маданият, адептүүлүктөн дайын жок.

Динди бетке кармап алып, элди алдап, тоноп, зордуктап атасыңар. Ышпалдасын кетирдиңер! Сырткы гана көрүнүшкө, сырткы дүйнөгө, жасалмалуулукка, санга эле маани бөлүп, сапатты, адамгерчиликти, жан дүйнөнүн өсүшүн тебелеген диндин кимге эмне кереги бар?

Билимге басып жасап, жан дүйнөнү, адамгерчиликти, адилеттүүлүктү, акыйкатты, руханий дүйнөнү, маданиятты өстүрөлүчү? Билим алалы, театрга , музейге баралы. Китеп окуйлу. Өзүбүздү өстүрөлү, сыйлайлы! Балдарыбызга мээрим төгөлү, бапестейли. Сүйүүнү үйрөтөлү. Не дедиңер? Караңгылашып, жапайы эле болуп баратабыз.

Жылаңач чыксаң, басып жыгылып, ашатып, абийир деп кыйкырып аткандар, ыдык көргөзгөндөргө, коррупцияга, педофилдерге эмнеге ошентип каршы чыгып, “Мээңди чачырата атып кетебиз!” - дебей жатасыңар? Болгон мээңер Айтбекованын көйнөгүнө эле жетип атабы же? 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити