- Турсунбай агай, Жогорку беш окуу жай бириктирилип, сандан сапатка өтүү аракети башталыптыр. Мындай нерсе билим берүү тармагына оң таасирин тийгизеби?
- ЖОЖдорду гана эмес, жалпы билим берүү системасын реформалоо керек. Менимче, кээ бир ЖОЖдорго өзгөчө макам бериле турган болсо - аны кээ бирөөлөр үчүн гана жылуу кызмат орун түзүү деп эле түшүнсөк болот.
1997-жылы Жогорку Кеңештин 1-чакырылышында ЖОЖдордун ректорлорун бийлик тарабынан дайындабай, окутуучулар менен жогорку курстагы студенттер түз шайласын деп мыйзам долбоорумду өткөргөн элем.
Бирок анын мазмунун өкмөт менен билим берүү министрликте бурмалашып, жогорку курстардын (3-5 курстар) жалпы студенттери эмес, а алардын өкүлдөрү (2 студент) гана ректорлордун шайлоосуна катышат деп инструкция чыгара коюшуптур! Мен бирдемкени байкадым: Жогорку Кеңештин 6-7-чакырылыштагы депутаттары биз, 1-2, 5-чакырылыштагы депутаттар кабыл алган мыкты мыйзамдарыбызды жокко чыгара башташыптыр. Бул өтө кооптуу иш-аракеттер!
- Баса, Памирде жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселесин айрымдар колдосо, кээ бирөөлөр катачылык катары кабылдап жатышат. Сиздин бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Ооганстандык кыргыздардын маселесин жакшы түшүнүп анан гана чечим кабыл алуу абзел. Популизм үчүн гана аларды Кыргызстанга алып келүү - алардын тагдырына чоң сокку болушу мүмкүн. Ооганстандык кыргыздардын баарысы эле Кыргызстанга көчүп кетебиз деген ою жок. Алардын бир бөлүгүн бир кезде Түркияга да көчүрүү чоң маселе жараткан, эки-үч ай туруп кайра Памирге кайта беришкен.
Андан көрө жаштарын мектепке окууга алып келип, анан 1-кезекте дарыгерликке, мугалимдикке, чет тилдерге окутуп кайра кайтаруу керек. Талибан өкмөтү менен атайын келишим түзүп, Памирдеги кыргыздар үчүн жеңилдиктерди алып өзгөчө шарт түзүп беришибиз керек.
Булак: "Майдан. kg" гезити