УКМК Кыргызстандын аймагында аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларын улантып жатат. Анын негизинде, Чек ара кызматы менен биргеликте өлкө аймагынын кире беришинен КРОН чиркегичтүү “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Автоунааны К.К. аттуу кыргызстандык башкарып бараткан.
Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К. аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектердин жүктөрү табылган.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш чаралар жүрүп жатат.