Бизде газ, мунай сыяктуу күндө доллар түшүрүп турган табигый кен байлыктарыбыз болбогон менен дүйнө элдери тамшанып сатып алган улуттук буюмдарыбыз менен экологиялык жактан таза азыктарыбыз бар. Мисалы, өткөндө жакында эле Сауд Аравиясына барып, ажылык зыяратын жасап келген кесиптешибиз Кубанычбек Сейдалиев Меккенин көчөсүндө баратып бал саткан дүкөнгө баш бага калып, ал жерде Атбашынын балы 1 кили 7000 сомдон сатылып жаткандыгын көрүп таң калгандыгын жазган болчу.

Ал эми өткөн жумада Кыргызстандын делегациясы ата мекендик продукция саткан Сеулдагы соода үйүндө болду.

Анда Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов башында турган делегация 14-июлда Сеул шаарында (Корея Республикасы) жайгашкан Кыргызстандын Соода үйүндө болду.

24-июнда ачылышы болгон Соода үйү кореялык ишкерлерге жана жергиликтүү калкка ата мекендик өндүрүш товарларын изилдеп, сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берген.

Бул жерде Кыргызстандан келген кийизден жасалган буюмдар, табигый бал, варенье жана ар кандай органикалык продукциялар көргөзмөгө коюлган. Соода үйү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин демилгеси менен эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү максатында түзүлгөн. Кореялык ишкерлердин Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукцияларга кызыгуусу белгиленди.

Булак: “Майдан. kg” гезити