Россиядагы экономикалык, саясый кризистин кесепетиби же башка себеби барбы, айтор Европа, Чыгыш, Араб мамлекеттерине иштегени кетип жаткан мекендештерибиз көбөйүп баратат. Быйылкы жылы бир эле  Корея жана Британияга иштөө үчүн 3 миң кыргызстандык жөнөтүлдү.

Кыргызстан жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча 117 агенттик менен иш алып барууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

“Эгер 2021-жылы Кореяга 750 квота болсо, 2022-жылдын башынан бери 1,8 миңге көбөйдү. Азыркы учурда Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча борбор менен биргеликте кыргызстандыктарды Япония жана Финляндияга ишке орноштуруу боюнча иштер жүрүүдө”,- деди министр.

Министрликтин маалыматында ушу тапта Түштүк Кореяда 2 миңдей кыргыз жараны иштейт.

Мындан тышкары кыргызстандык 300 адам Япониянын фабрикаларына иштей алат. Мындай келишим 14-июлда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун жетекчиси Кубандык Акматбеков менен Япониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасынын жетекчиси Широ Сурумакинин ортосунда түзүлдү.

Келишимге ылайык, кыргызстандык жарандар Жапонияга окууга жана андан ары "техникалык үйрөнгүч" программанын алкагында ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мисалы, Түштүк Кореяга кеткен мекендештерибиздин маянасы орточо 1800 долларды түзүп, тамак-ашы менен жатаканасы бекер экен.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити