Ошто "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы бир айга камакка алынганы 18-июлда белгилүү болду. Алдамчылыка шек саналган жетекчини кармоого аталган кооперативге байланыштуу жазылган арыздар негиз болгонун, алар март айынан тартып иликтенип-тергелип жатканын шаардык милиция билдирди.

Кооперативге алданганын айткандардын материалдык чыгымы болжол менен 18 миллион сомдон ашык деп эсептелүүдө. Ошто аталган турак жай кооперативине байланыштуу нааразылык акциялары өткөн.

Өткөн аптада Бишкекте "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси кармалган болчу. Баштапкы эсеп боюнча, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп айтылууда.
Мындан тышкары “Белый дом КейЖи”, S-LINE кооперативдерине алдангандардын да арыздары боюнча иштер тергелүүдө.

Кыргызстанда канча турак жай кооперативи бар экени белгисиз. Бейрасмий маалыматтарга караганда, алардын саны 70тин тегерегинде.

Буга чейин Улуттук банк элден каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Айтор, карапайым элди “аз гана акча кошсоң, алты айдын ичинде жомоктогудай үйгө ээ болосуң”- деп алдап, анча-мынча көрүнүктүү молдолор менен ырчыларга үй бере коюп ишенимге кирип, калган элдин баарын алдап акчасын алган турак-жай кооперативдеринин дагы бир топ былык иштери ачыкка чыгат окшойт. Бир чети элибиз өзү деле ким таттуу сөз айтса эле ишенип, жалгыз уюн сатып акчасын бере бербей, бир аз ойлонушса болмок...

Булак: “Майдан. kg” гезити