- 2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргызды (400 үй-бүлө) Ооганстандан алып келүү пландалууда. Бул туура кадамбы же чекиликпи?
- Афганистанда саясий-аскер абалы курчууда. Бул кырдал Афганистандын тоолу Бадахшанда жашаган этникалык кыргыздарга оор абал түзүүдө. Бүгүнкү күнү Афганистанда 1700дөй кыргыз улутундагы адамдар жашайт. Анын 347си 15 июлда Таджикистанга качып келишти. Азыр биздин Кабулдагы жана Душанбедеги элчиликтер бул эки мамлекеттердин бийликтери менен сүйлөшүп, Кыргызстанга барам деген кыргыз улутундагы адамдарды тез арада алып келиши керек. КР Президентинин өкүлү Т.Ш.Масадыков барып Афганистанга жана ТР маселерди чечип келиш керек. Колдон келсе бут аракеттерди жумшап, бардык 1700дөй кыргыз адамдарды көчүрүп келиш керек. Кыргыз өкмөтү тиешелүү каражат бөлүп, аларды кабыл алып жана жайгаштырганга чара көрүш керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити