«Чыгышэлектр» ААКнын директорлор кеңешинин чечиминин негизинде ишкананын башкы жетекчилигине Паизов Азамат Мамазакирович дайындалды. Буга чейин Паизов Азамат Мамазакирович «Жалалабатэлектро» ААКын жетектеп келген.

Ишкананын жамаатына жаңы жетекчини «Чыгышэлектр» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Беков Кубаныч Нияз-Маматович тааныштырып, иштерине ийгилик жана чоң-чоң жетишкендиктерди каалады.